Бишкекте Карылар күнүнө карата кайрымдуулук жарманкеси өтөт
Бишкек шаарында 1-октябрда улгайган жарандардын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртууга арналган кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.Жарманкеге өлкөнүн бардык аймактарынан 40ка жакын өзүн-өзү тейлөө топтору катышып, жүн жана кийизден жасалган буюмдарды, кол өнөрчүлүк сувенирлерин сунушташат.
Иш-чаранын программасында лотереялар, мастер-класстар, бий флешмобу жана Бишкектеги артисттердин жана чыгармачыл топтордун концерти каралган.
Жарманкени эл аралык геронтологиялык AgeNet International тармагы Эмгек министрлиги менен биргеликте жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштуруп жатат.
Иш-чара Эркиндик бульварында (Курманжан датканын эстелигинин жанында) саат 10:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















