super.kg logo

Бишкекте 2-октябрда убактылуу суу өчүрүлөт

 

Бишкекте 2-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Чүй кең көчөсү, Фрунзе көчөсү, Манас кең көчөсү, Жибек Жолу кең көчөсү Ала-Арча дарыясына чейин
  • Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү

"Белинский" суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулат.

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: