Төрага Бишкектин төрт районунун аталышын кыргызчалоо керектигин кайталады (видео)
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын кыргызчалоо боюнча пикирин билдирди.
"Борбор калаадагы төрт райондун атын кыргызчалашыбыз керек деген маселени 2-3 жыл мурун Элдик курултайда көтөргөм. Эл абдан туура кабыл алган. Албетте, терс пикирлер дагы болду. Мен ошол эле пикирдемин. Бирок бардыгы менден көз каранды болбой жатат. Тилекке каршы, анча-мынча маселелер бар. Жакында аны чечебиз, кыргызчалайбыз",- деди төрага.
Учурда Бишкектин райондору Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.
Төрага Бишкектин төрт районунун аталышын кыргызчалоо боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















