Бишкекте үчүнчү "Евразия" социалдык дүкөнү ачылды
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында үчүнчү "Евразия" социалдык дүкөнүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Эми шаар тургундары эң зарыл болгон товарларды жеткиликтүү баада Акматбек Суюмбаев көчөсү, 17 / Москва көчөсү, 7 дареги боюнча сатып ала алышат.
"Евразия" социалдык дүкөндөрү өз тармагын кеңейтип, пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ардагерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо миссиясын улантууда. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында үч социалдык дүкөн иштеп жатат. Алар:
Токтогул көчөсү №146/1;
- Асанбай кичирайону, 8/3;
- Акматбек Суюмбаев көчөсү №17 / Москва көчөсү №7.
Үчүнчү дүкөндүн ачылыш аземине "Евразия Кыргызстан" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык кызматтар секторунун башчысы Чолпон Мамбетайпова, Свердлов райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Назгүл Жамгырчиева, ошондой эле Кыргызстан пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгүл Исакова катышты.
Кымбат Урумкулова өз сөзүндө, үчүнчү дүкөндүн ачылышы бул долбоордун талапка ылайык экенин жана мындан ары да дүкөндөрдүн саны көбөйө тургандыгын белгиледи.
"Евразия" уюму калктын аярлуу катмарына жардам берүүчү долбоорлорду ишке ашырып келет. Социалдык дүкөндөр - дал ушундай долбоорлордун бири. Бул дүкөндөрдө эң керектүү азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып алууга болот. Биз бул дүкөндөрдү жашоону жеңилдетүү үчүн ачып жатабыз. Бүгүн биз үчүнчү дүкөндү ачып жатып, бул жөн гана сан эмес, элдин ишенимине ээ болгонубуздун далили экендигин баса белгилейм. Коомго мындай долбоорлор керек экенин көрүп жатабыз жана дүкөндөрдү көбөйтүү багытында ишти улантабыз",- деди Урумкулова.
Свердлов райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Назгүл Жамгырчиева бул дүкөндүн ачылышын шаар тургундары үчүн маанилүү окуя деп атады.
"Үчүнчү социалдык дүкөн дал ушул Свердлов районунда ачылганы кубандырат. Бул шаар тургундары үчүн чоң жардам. Жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана шаарда адилеттүү, камкор чөйрөнү түзүүдө маанилүү кадам. Дүкөндөрдө эң керектүү товарлар жеткиликтүү баада сатылат. Ошондой эле, бул жерлер шаардыктар үчүн баарлашуу жана жолугушуу жайына айланууда. Ачылыш улгайган адамдар күнүнө туура келип, иш-чарага өзгөчө символикалык маанини берип жатат",- деди Жамгырчиева.
"Евразия" социалдык дүкөндөрү күн сайын эң ылайыктуу бааларды сунуштап, керектүү товарлардын түрүн кеңейтүү үстүндө иштеп жатышканын белгилешүүдө.
Эске салсак, долбоор Кыргызстан менен "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун кызматташуу меморандумунун алкагында ишке ашырылууда.
Бул дүкөндөр өзгөчө муктаж катмарлар, пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ачылган. Сатып алуулар үчүн аты-жөнү көрсөтүлгөн социалдык карта талап кылынат. Аны алуу үчүн ФИО, телефон номери, туулган күнү жана жашаган дареги көрсөтүлгөн анкета толтуруу жетиштүү.
