super.kg logo

АКШда расмий түрдө шатдаун башталды

 

АКШда 1-октябрга караган түнү федералдык өкмөттүн иши токтотулду. 2019-жылдан бери биринчи жолу өкмөттүк мекемелер бекитилген бюджеттин жоктугунан улам ишин токтотуп жатышат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, демократтар медициналык камсыздандыруу жана социалдык программалар боюнча кошумча каржылоону талап кылышса, республикачылар бул талаптарды четке какты. Натыйжада мыйзам долбоору Сенатта жетиштүү колдоого ээ болгон жок. Өкмөттүн иши токтошу менен 750 миңге жакын кызматкер акысыз өргүүгө чыгарылып, экономикага күн сайын болжол менен 400 миллион доллар чыгым келери күтүлүүдө.

Президент Дональд Трамп демократтарды айыптап, алардын саламаттыкты сактоо боюнча талаптары өкмөт ишин үзгүлтүккө учуратканын билдирди. Демократтар болсо тескерисинче, республикачыларды америкалыктардын ден соолугун саясатка айлантты деп сынга алышты. Тараптар жакынкы күндөрү сүйлөшүүлөрдү улантышары күтүлүүдө.

Эске салсак, Трамптын биринчи мөөнөтүндө АКШ тарыхындагы эң узак шатдаун болгон. Ал 35 күнгө созулуп, 2019-жылдын январында аяктаган. Анда 420 миң адам аванс менен кызматка чыгышкан, ал эми 380 миң адам акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: