Бишкек шаардык прокуратурасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү (фото)







Бишкек шаардык прокуратурасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын президенттин "2025-2030-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" жарлыгынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча уюштурулду.
Бул жарлыкка ылайык, өлкөдө 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Жыйынга Бишкек шаарынын прокурору Канат Жумалиев, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, райондук муниципалдык администрациялардын башчылары жана башкалар катышты.
Катышуучулар райондук администрациялардын жана башка тиешелүү мекемелердин аткарган иштери боюнча отчётторду угушту.
Баяндамачылар кызматкерлер арасында системалуу жана ар тараптуу түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле кадрларды натыйжалуу ротациялоо ишке ашырылып жатканын баса белгилешти.
Өз кезегинде Байгончоков муниципалитет тарабынан окуу тренингдери, көз карандысыз эксперттерди тартуу, уруксат берүү жана мамлекеттик каттоону тартипке келтирүү, санариптештирүүнү күчөтүү жана башка камтылган иш-чаралар планы иштелип чыкканын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Канат Жумалиев өзгөчө көзөмөлдү талап кылган маселелерге формалдуу эмес, конкреттүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн, аталган маселени натыйжалуу чечүү үчүн көзөмөлдү күчөтүү жана кошумча чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.
