super.kg logo

Өлүм жазасын киргизүү сунушу. Юрист эмне дейт?

 

Өлүм жазасынын оң жана терс жактарын, анын зарылчылыгын билүү үчүн SUPER.KG порталы юристтерге кайрылдык. Биздин сурообузга юрист Жанат Гүлжигитов жооп берип, бул майзамды кайтаруу процесси оор экендигин белгилеп өттү.

"Өлүм жазасын киргизсе болот. Юридикалык жактан киргизүү оор. Анткени азыркы Баш мыйзамдын 25-беренесинде өлүм жазасына тыюу салынган. Аны өзгөртүш үчүн эгерде, президент демилгелеп, мыйза долбоорун Жогорку Кеңештин 3/2 бөлүгү колдоп чыкса, анда референдум өткөрүү керек болуп калат. Ошондо референдум аркылуу эл чечет. Биринчиден, Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек. Экинчиден, Кылмыш-жаза кодексинде кошумча беренелерди киргизүү керек. Анда азыр айтылып жаткан зордук-зомбулук, өлүм боюнча беренелер белгилениши керек. Ошол эле учурда айта кетчү нерсе, биздин өлкө Эл аралык келишимдерди ратификация кылганбыз. Анда адам укуктарынын негизинде өлүм жазасына тыюу салган. Ал маселе да турат.

Ал эми бул мыйзамды киргизүүнүн оң тарабын белгилесек, зордуктоо, зомбулук, терс көрүнүштөр азаймак. Аткени кылмышкерде өлүм жазасынан коркуу сезими пайда болот. Бул жагынан жакшы. Бирок терс жагы да бар. Тергөө кызматкерлери, сот органдары кылмышка тиешеси жок жарандарга чечим чыгарып алышы мүмкүн", - деп белгиледи Гүлжигитов.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу 41 жаштагы жарандын колунан ажал тапкан соң Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү сунушу бериле баштады.

Бул арада кыргызстандыктарды нес кылган окуяны өлкө башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырмасын койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: