super.kg logo

Бишкекте "Алтын комуз" эл аралык айтышы өттү (фото)

 
30-сентябрда Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Каракалпакстандан келген акындар арасында өткөн бул эл аралык айтыш жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, баш байгени Акматбек Султан уулу алды. Ал эми 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Эркебулан Кулканатов алса, 3-орунга Турат Жумаев татыды.
Атайын 50 000 сомдук сыйлык менен Бердибек Жолдошбек уулу, Актилек Кулпеишов, Мухаммед Эшбаев жана Мухтар Коңорбаев сыйланышты.
Белгилүү болгондой, аталган сынак "Ак таңдай" акындар ордосунун демилгеси менен, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, “Түрксой” эл аралык уюму, "ЭлТР" каналы, Кыргыз улуттук "Манас" театры менен биргеликте өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында, Ниязбек Айбашев 2014-жылдан бери “Алтын комуз” байгесин негиздеп, “Ак тандай” коомдук фондунун жетекчиси, эмгек сиңирген артист Абдибали Акимбеков менен бирге иштеп келет.
Биринчи жолу 2015-жылы Ош шаарында 50гө жакын акындын катышуусунда ак тандайлардын айтышы уюштурулуп, алгачкы жолу “Алтын комуз” байгеси коюлган. Ага Эл акыны Рахматулла Козукеев ээ болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: