"Ак кеме" жана "Күн кармаган бала" спектаклдери Москвада коюлат
11–12-октябрда Кыргызстандын Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры "Чоң гастролдор" программасынын алкагында Москва шаарынын Малый театрындагы "Ордынка" сахнасында эки спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул чыгармачыл сапар тарыхый улантуу болуп саналат. 1978-жылы дал ушул сахнада Ош театры "Ак кеме" спектакли менен зор ийгиликке жетишкен. Эми болсо театр жаңы муундагы группа менен, тагыраагы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Света Абдыкадырова жетектеген курам менен барат.
Программада:
• "Ак кеме" (Ч. Айтматов, драма, 12+)
11-октябрь, саат 19:00
Балалык дүйнөсү менен катуу чындык кагылышкан драматикалык окуя.
Режиссёр – Уланмырза Карыпбаев
Жетишкендиктери: 3 Гран-при ("Айтматов жана Театр", "Туганлык", "Түрксой")
• "Күн кармаган бала" (С. Раев, драма, 16+)
12-октябрь, саат 19:00
Азыркы коомдогу адептик кыйроо жана адам табияты тууралуу терең драма.
Режиссёр – Уланмырза Карыпбаев
Жетишкендиктери: 3 Гран-при ("Арт Ордо", "Түрксой", "Вдохновение")
Мекемеден билдиришкендей, спектаклдерде Кыргызстандын Эл артисттери жана Эмгек сиңирген артисттери роль жаратышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















