super.kg logo

Караколдо классташ кызын сабаган окуя: Окуучу баланын апасы кайрылуу жасады (видео)

 
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы мектептердин биринде окуучу бала классташ кызын сабап жаткан видео тарады. Кадрларда баланын классташ кызын урганы көрүнөт. Көп өтпөй баланын апасы да коомчулуктан кечирим сурап, видео жарыялады.
Буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева социалдык тармактардын биринде билдирүү жасап, видеодо көрсөтүлгөн бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм экенин маалымдаган. Ошондой эле ал учурда үй-бүлөлүк (индивидуалдык) окууга өткөрүлгөнүн кошумчалаган.
Султанбаева ар бир баланы ден соолугунун абалына, мүмкүнчүлүгүнө карабай, аны коомдон бөлүп салууга же кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок экенин айтып, такталбаган маалыматтарды таратпоого жана балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтире турган терс пикирлерден алыс болууга чакырган.
Бул боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы да маалымат берип, окуя 23-сентябрда мектепте танапис учурунда болгонун билдирген.

Мындан сырткары окуучу баланын апасы уулу психикалык жактан ооруганы боюнча Ысык-Көл облустук Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда каттоодо турганын айткан.






Караколдо классташ кызын сабаган окуя: Окуучу баланын апасы кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: