"Кайрат" командасынын 18 жаштагы дарбазачысы Шерханга ишкер унаа белек кылды



Казакстандын "Кайрат" командасынын 18 жаштагы дарбазачысы Шерхан Калмурза Чемпиондор Лигасынын алкагында "Реал Мадрид" менен болгон оюндан кийин жаңы унаа белекке алды.
Белекти казакстандык ишкер Улугбек Шарипов берди. Ал буга чейин эгер футболчулар испан футболчуларын жеңсе, аларга сыйлык берем деп убадалаган эле. Алматылыктар 5:0 эсебинде утулуп калганы менен жаш дарбазачы өзгөчөлөнүп, интернет жылдызына айланды.
Шерхан эки жума мурда эле команданын үчүнчү дарбазачысы болгон. Мбаппе жана Винисиус катышкан "Реал Мадриддин" жылдыздуу курамына каршы оюнда ал 12 соккунун жетөөсүн токтотту, анын ичинде бир нече кооптуу учурлар бар.
"Кичинекей белек. Сиз мыкты жигитсиз, бизге көптөгөн эмоцияларды тартууладыңыз. Эң башкысы токтобоңуз",- деди Шарипов.
Шерхан ошол учурдун видеосун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырып, "Чыныгы эркек экенсиз, сизди сыйлайм. Дагы бир жолу чоң рахмат" деп жазган.
"Кайрат" командасынын 18 жаштагы дарбазачысы Шерханга ишкер унаа белек кылды


