super.kg logo
  Саясат  

"Кимдир-бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт". Жапаров шайлоо күрөөсү боюнча пикирин айтты

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо, талапкерлерге коюлган талаптар боюнча пикирин билдирди.

Анда журналист өлкө башчыга "Учурда депутаттыкка талапкер болгусу келгендер 300 миң сом төгүшү керек деген талап жалаң акчалуулардын гана депутат болушуна жол ачат, мугалимдер, дарыгерлер келе албай калышат деп сындагандар бар?" деген суроо узатты.

"Шайлоолор келип калганда эле тили буудай кууругандар мугалимдер менен врачтардын таламын талашып, эстеп калышат. Болбосо беш жыл бою ойлоп деле коюшпайт. Шайлоо келгенде эле Кудай бетин салбасын, “Мугалим эле мугалим, дарыгерлер эле дарыгерлер!” деп кыйкырып жатса, угуп туруп чынында эле анын сөздөрүнө ыйлап жибергиң келет.

Бирок андай “сайракандар” мугалимдер, дарыгерлер үчүн күйбөйт. Аларга добуш гана керек. Мугалим менен дарыгерлер жалпы өлкө боюнча 200 миңдин тегерегинде.

Эмне мурдагы шайлоолордо мугалимдер менен дарыгерлер келди беле? Бирин-экин эле болбосо. Тескерисинче, мугалимдер менен дарыгерлерге эми мүмкүнчүлүк берилди.

Мурда депутаттык орун 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып, партиянын лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп жүргөн болсо, эми андай болбойт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү. Андан бери канча заман өттү",- деди президент.

Ошондой эле президент депутаттыкка талапкер болгусу келгендер күрөө катары 300 миң сом төгүшү керектигин, ал каражат шайлоону уюштурууга жумшаларын билдирди.

"Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен. Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү.

Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир-бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы, республикалык казынадан берилчү.

Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчаларга жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок.

Ал эми “мугалимдер менен дарыгерлер 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп.

Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же дарыгер болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт.

Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан",- деп жооп берди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: