super.kg logo
  Саясат  

Президент мамлекеттик кызматкерлер шайлоого кандай шартта талапкер боло алышарын айтты

 

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого кандай шартта талапкер боло аларын айтты. Бул тууралуу пикирин президент "Кабар" агенттигине маек бергенде билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлерге алдыдагы шайлоого катышуу үчүн эч кандай чектөө коюлбайт.

"Парламенттин депутаты болот элем, талапкер болот элем десе, аларга эч кандай чектөө жок. Кызматтарын тапшырып коюп, шайлоолорго катыша беришсин. Министрби, мэрби, акимби же мектеп директору же жөнөкөй мугалим болобу талапкерлигимди коём десе, ээлеген кызматтарын тапшырып беришсин дагы, катыша берсин. Жетиштүү добуш алып өтүп кетсе депутат болуп калышат. Өтпөй калса, талапкер болгонго чейин ээлеген кызматтарынан дагы кол жуушат.

Антпесек жетекчилик кызматтагылар кол астындагыларды “мен өтпөй калсам, ордума кайра келем. Мага чуркабасаңар, көрсөтөм силерге!” деп коркутушу мүмкүн",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: