super.kg logo

Ош облусунда улуу муун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүлдү (фото)

 
Кечээ, 1-октябрда — Карылардын эл аралык күнүнө карата Ош облусундагы улуу муун өкүлдөрүнө көңүл бурулуп, ардактоо иш-чаралары өткөрүлдү. Бул күндү утурлай президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары жана аппарат жетекчиси аймактардагы улуу инсандардан кабар алышып, майрамдык маанай тартуулашты.
Өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кара-Дөбө айылына барып, 97 жаштагы Лайли Мамытованын үйүндө болду. Ал карыянын ден соолугун сурап, майрамдык куттуктоосун жана белектерин тапшырды.
Ал эми орун басар Талантбек Арстанкулов Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында жашаган, 89 жаштагы Баатыр эне Ибадат Абдыразакова менен жолугушуп, облус жетекчисинин атынан терең урмат-сыйын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ошондой эле өкүлдүн аппарат жетекчиси Руслан Кубаталиев Кара-Кулжа районуна барып, 86 жаштагы Эмгектин ардагери Күчүкбай Калмурзаевге зыярат кылып, майрамдык белек тапшырды.
Белгилей кетсек, учурда Ош облусунда жалпы 110 459 улгайган жаран жашайт. Алардын ичинен 90 жаштан жогору курактагы 1 572 ардагер бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: