Орусия менен Украина туткундарын алмашышты
Орусия менен Украина туткундарын алмашышты. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский тастыктаганын чет элдик басылмалар жазышты.
"185 биздин коргоочуларды Орусиянын туткундугунан үйгө алып келебиз. Алардын 183ү жөнөкөй жоокерлер жана сержанттар, экөө офицерлер. Биздин жоокерлер Мариуполдо, "Азовсталда“, ЧАЭСте болгон. Көпчүлүгү 2022-жылдан бери туткун болуп, эми акыры үйүнө кайтып келди", - деп билдирди Зеленский.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги 23-июлда Стамбулда жетишилген макулдашууларга ылайык, 185 орус аскерлери кайтарылганын жана алмашуу үчүн 185 Украина аскер туткуну берилгенин маалымдаган. Мындан тышкары Орусияга 20 жаран кайтарылган.
Акыркы жолу Орусия менен Украина алмашууну 24-августта "146га 146" формуласы боюнча жүргүзүшкөн. Июнь айында чоң масштабдагы алмашуулар болгон. Азырынча бул Стамбулдагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жалгыз реалдуу жыйынтыгы болуп эсептелүүдө.

