Томас Мюллер Германиянын эң көп сыйлык алган футболчусу аталды
"Ванкувер Уайткэпс" командасынын жарым коргоочусу Томас Мюллер Германиянын эң титулдуу футболчусу аталды. Бул тууралуу Бундеслиганын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Мюллер жазында кошулган "Ванкувер Уайткэпс" командасы Канада чемпиондугунун финалында "Ванкуверди" 4:2 эсебинде жеңди. Бул Мюллер үчүн карьерасындагы 35- трофей болуп, ал 34 титул жеңген Томас Кроостон алдыга чыкты.
Мюллер "Бавария" клубунда ойногон оюндардын саны боюнча рекордду орнотуп, клубдун тарыхындагы үчүнчү ири бомбардир болуп саналат. Ал 13 жолу Бундеслиганы, 6 жолу Германия Кубогун утуп, ошондой эле 2 жолу УЕФА Чемпиондор Лигасын (2012/13, 2019/20) "Бавария" менен жеңген. 2012/2013 сезонунда Германия чемпиондугунун эң баалуу оюнчусу деп таанылган.
Германиялык футболчу 2007-жылдан бери Мюнхендин клубунда ойноп келген, бирок 2025-жылы "Бавариядан" кетерин жарыялаган. Өткөн сезондо Мюллер бардык турнирлерде "Бавария" менен 44 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.

