Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолунун 4 чакырымы асфальтталды




Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Жолдун жаңыланышы аймактагы тургундар үчүн гана эмес, эс алуу жана дарылануу максатында келген туристтер үчүн да чоң мааниге ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.