Бишкекте кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт
Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 11-октябрда саат 18:00до кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалм болгондой, бул майрамдык балет кечеси Сеул шаардык кеңеши каржылаган эл аралык маданий программанын алкагында өтөт.
Иш-чараны "Korea Ballet Stars" менен Кыргызстандын опера жана балет театры биргеликте уюштурууда.
Кечеде дүйнөлүк классиканын мыкты чыгармалары, кыргыз жана корей хореографтарынын автордук коюлмалары жана европалык режиссёрлордун заманбап эмгектери көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:30
2025-10-03

17:03
2025-09-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.