Бишкекте Мектеп лигасынын расмий ачылышы болуп өттү (фото)






Бүгүн, 3-октябрда "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Мектеп лигасы жалпы шаардык мелдешинин расмий ачылышы өттү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарада мэрдин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөз сүйлөп, мэрия жаш спортчулар, алардын арасында дүйнө чемпиондору менен сыймыктанып, спорттук демилгелерди жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүнү колдоону улантарын белгиледи.
Маалым болгондой, быйыл борбор калаадагы 104 мектептен 2016-2008-жылдары туулган окуучулар катышууда. Программада спорттун 13 түрү боюнча мелдештер бар: бадминтон, балдар үчүн жеңил атлетика, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, пионербол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, шахмат.
Иш-чаранын негизги максаты балдар жана өспүрүмдөр арасында массалык спортту жайылтуу, мектеп окуучуларын жигердүү жашоого үндөө, адистештирилген спорт мектептеринде андан ары билим алуу үчүн келечектүү оюнчуларды аныктоо экени айтылды.
Эскерте кетсек, Мектеп лигасы Бишкекте 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жеңүүчүлөргө салттуу түрдө сыйлыктар, эс алуу үчүн жолдомолор берилет.
