super.kg logo

Казакстанда окуучуларга кол көтөргөн мугалим бир жылдан кийин иштен алынды(видео)

 

Казакстанда окуучуларга кол көтөргөн мугалим окуядан бир жыл өткөндөн кийин кызматтан алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Социалдык тармактарда Алматыдагы мектептердин биринде тартылган видео тараган. Видеодо мугалим окуучуларды урганы көрүнөт.

Окуя жүрүп жаткан учурда балдар коркуп, мугалимден качып жатышканы байкалат. Окуучулар мугалимге мындай мамиле кылууга укугу жок экенин да айтышкан.

Алматы облусунун билим берүү башкармалыгы билдиргендей, окуя 2024-жылдын сентябрында Карасай районунда болгон, видеодогу тогузунчу класстын окуучулары болушкан.

"Текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгына ылайык, Карасай райондук билим берүү бөлүмү математика мугалимин кызматтан кетирүү чечимин кабыл алды", — деп айтылат билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүндө.






Казакстанда окуучуларга кол көтөргөн мугалим бир жылдан кийин иштен алынды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: