super.kg logo

Америкалык рэпер Пи Дидди төрт жыл эки айга эркинен ажыратылды

 

Нью-Йорктогу сот рэпер Шон Комбсту сойкулукка тартуу максатында адамдарды ташыган деген айып менен 50 айга (4 жыл 2 айга) камакка алуу тууралуу өкүм чыгарды. Сот ошондой эле мыйзам боюнча максималдуу 500 миң доллар айып пул салды.

Комбс мурдагы сүйүктүүсү, ырчы Кэсси Вентура жана дагы бир кызга карата рэкет жана сексуалдык эксплуатация максатындагы күч колдонуу боюнча айыптардан акталды.

Рэпердин 2024-жылдын сентябрь айынан бери камакта отурган убактысы эсепке алынса, үч жылдан азыраак мөөнөттө бошотулушу мүмкүн.

Комбс өз күнөөсүн мойнуна алган жок жана адвокаты Марк Агнифило билдиргендей, аппеляцияга арыз берүүнү пландап жатат.

Эске салсак, буга чейин Нью-Йорк федералдык прокурорлору Пи Диддини 11 жылга абакка кесүүнү талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: