super.kg logo

Дубайда эң кымбат кофе сатылып, Гиннестин рекорддор китебине кирди

 

Дубайдагы Roasters кофе дүкөндөр тармагы дүйнөдөгү эң кымбат кофени сатып, Гиннесстин рекорддор китебине катталды. Бул кофенин баасы 2 500 дирхам (болжол менен 680 АКШ доллары) болду.

Кофенин өзгөчөлүктөрү ал кол менен даярдалган, V60 фильтри колдонулган. Ага Panama Esmeralda Geisha сортундагы өзгөчө кофенин буурчактары пайдаланылган. Бул кофе гүл жыттуу жана цитрустук ноталары менен белгилүү. Суусундук Edo Kiriko деп аталган өзгөчө хрусталь бокалда берилген. Ошондой эле кофенин даамын толук ачып берүү үчүн тематикалык десерттер да кошо сунушталган.

Daily Mail жазгандай, бул окуядан бир жума мурун, кофейня менен байланышкан дубайлык стартап Best of Panama 2025 аукционунда Hacienda La Esmeralda плантациясынан 20 килограмм Geisha буурчактарын 604 миңге долларга сатып алган.

Бул рекорд Дубайдын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктерин түзүү стратегиясынын бир бөлүгү катары кабыл алынууда. Буга чейин Дубайда дүйнөдөгү эң бийик мейманкана ачылары айтылып, жасалма интеллект менен түзүлгөн башкы ашпозчу иштеген ресторан да ишке кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: