super.kg logo

Кытай асманындагы шоу: Дрондор көрүүчүлөрдүн үстүнө кулап, өрт чыкты

 

1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөнүнүн 76 жылдыгына карата Люян шаарында уюштурулган дрон шоу кырсык менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Шоунун жүрүшүндө ири техникалык мүчүлүштүк болуп, жүздөгөн дрондор башкаруудан чыгып, көрүүчүлөрдүн үстүнө, үйлөрдүн чатырларына жана көчөлөргө кулаган. Натыйжада өрт чыккан.

Иш-чараны уюштургандардын айтымында, бул шоуго рекорддук сандагы дрондор катышкан. Окуя тартылган видеолордо дрондор кулап түшүп, жалынга оронуп жатканы көрүнөт. Бул кадрлар Кытай жана эл аралык социалдык тармактарда тарап жатат.

Кырсык чоң болгон менен, адам өмүрү кыйылган эмес. Бирок жергиликтүү бийлик окуянын себептерин иликтөө жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча текшерүү иштерин баштаганын билдирди.






Кытай асманындагы шоу: Дрондор көрүүчүлөрдүн үстүнө кулап, өрт чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: