Кыргызстанда “Кошумча жабдуу” жана “Техникалык абал” рейди өткөрүлдү (фото)






24-сентябрдан 3-октябрга чейин өлкө аймагында “Кошумча жабдуу” жана “Техникалык абал” аталышындагы кеңири рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, бул рейддин максаты жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулар тарабынан мыйзам бузуу учурларын аныктоо болуп саналат. Ошондой эле рейдде төмөнкү эрежелердин бузулушуна көңүл бурулууда:
- Транспорт каражаттарына мыйзамсыз кошумча жабдууларды орнотуу;
- Техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын каттамда жүрүшү;
- Унаалардын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу;
- Түнкү убакта туура эмес орнотулган кошумча фараларды колдонуу, жол коопсуздугуна тоскоолдук жараткандар.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча айдоочуларга тийиштүү айып салынып, кээ бир учурларда унаалар айып короо жайына токтотулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2025-10-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.