Индонезияда мектеп урап, каза тапкандардын саны 14кө жетти
Индонезиядагы Аль-Хозини аттуу исламдык мектеп урап, каза болгондордун саны 14кө жетти. Дагы 49 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Kompas порталы билдирди.
Маалым болгондой, учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда.
Индонезиянын кырсыктарды башкаруу агенттиги билдиргендей, 103 адам тирүү калган. Алардын ичинен 14ү учурда ооруканада дарыланууда, 89у үйүнө чыгарылган. Табият кырсыгында курман болгондорду аныктоо тобу каза болгондордун денелерин таануу кыйын болуп жатканын, анткени көпчүлүгүнүн жеке документтери болбогонун айтышууда.
Эске салсак, бул кырсык 29-сентябрда Сидоаржо шаарында болгон. Анда мектептин чатырын ремонттоо учурунда түптөлгөн устундар бетондун салмагына туруштук бере албай, имарат урап калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2025-10-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.