Касымалиев: "2026-жылдын апрель айынан баштап мугалимдерин айлыгы көтөрүлөт"











Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 4-октябрда билим берүү кызматкерлеринин күнү менен байланыштуу өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чарада ал мамлекеттик башчы жана өкмөттүн атынан мугалимдерди куттуктап, билим берүү өлкөнүн келечегинин стратегикалык негизги багыты экенин баса белгиледи.
Өкмөт башчы акыркы жылдарда билим берүү тармагында жетишкен ийгиликтер тууралуу маалымдады. 2020-жылы бала бакчаларга камтылган балдардын үлүшү 22 пайыз болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 44,3 пайызга чейин өскөн. Үч жыл ичинде 400 жаңы бала бакча ачылган. 2030-жылга карата бул көрсөткүчтү 80 пайызга чейин жеткирүү пландалууда.
Касымалиев президенттин тапшырмасы боюнча 2026-жылдын сентябрына чейин Бишкекте 20 жаңы мектеп курула турганын, 2026–2027-жылдарда дагы 12 мектеп куруларын билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп курулат. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү, STEM-предметтерин өнүктүрүү жана билим берүүнү санариптештирүү маанилүүлүгүн белгиледи.
"Мамлекет биринчи жолу окуу китептерин ички шарттарда басып чыгарууга болжол менен 1 миллиард сом бөлдү. Азыр биз толук кандуу өз ресурстарыбыз менен камсыз болдук", — деди ал.
Касымалиев 2026-жылдын апрелинен тарта мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөрүн кошумчалады. Университеттердин эл аралык рейтингдеги орундарынын жогорулашы жана окуу жайлардын материалдык-техникалык базасынын жакшыруусу да белгиленди.
Иш-чаранын аягында "Жылдын мугалими" жана "Жылдын тарбиячысы" республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өттү.

