super.kg logo

Өлкөдө абактагылар бариста кесиби боюнча окутулууда (видео)

 

Кыргызстанда абактагыларга бариста кесиби үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2-октябрда Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) №8 мекемесинде бариста кесиби боюнча заманбап окуу классынын ачылышы болуп өттү.

Мекеме бул класстын ачылышы соттолгондорду кесиптик окутуу тутумун өнүктүрүүдөгү жана алардын коомго ийгиликтүү кайра кайтып келүүсүнө шарт түзүүдөгү маанилүү кадам болуп санала турганын айтты.

Бариста кесиби боюнча окутуу Жазык-аткаруу кодексинин, "Билим берүү жөнүндө" жана "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" мыйзамдарынын алкагында, ошондой эле 2003-жылдын 25-апрелиндеги №245 Өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага республикалык илимий-усулдук борборунун директорунун орун басары Алымкан Саттарова катышып, мындай демилгелер соттолгондордун билим деңгээлин жогорулатууда жана эркиндикке чыккандан кийинки мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө чоң роль ойноорун белгиледи.

Бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин тутумунда соттолгондор мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилүүчү 23 багыт боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мекемеден билдиришкендей, бул алардын социалдашуусуна жана эркиндикке чыккандан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: