super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Оштогу "Булак" ден соолукту чыңдоочу комплексин ачты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Ош шаарындагы "Булак" спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө башчы меймандар менен кыска саламдашуудан кийин символикалык түрдө комлекстин боосун чечти.

Андан соң президентке спортчулар үчүн түзүлгөн шарттар, анын ичинде спортчулардын көрсөткүчтүү сүзүүсү менен олимпиадалык үлгүдөгү бассейн, заманбап фитнес-зона, ошондой эле эс алуу жана калыбына келүү үчүн кошумча зоналар көрсөтүлдү.

Комплекс мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн.

2024-жылдын июль айында башталган курулуш иштери бүгүнкү күндө толугу менен 100 пайызга аяктаган. Белгилүү болгондой, долбоордун жалпы наркы 202 миллион сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: