super.kg logo

"Коркуп кеттим". Ошто такси айдоочусу кардардын буюмдарын ыргытып жиберди (видео)

 

Ошто такси айдоочусу менен кардардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, айдоочу кардардын буюмдарын ыргытып жиберген. Бул тууралуу кардар социалдык тармакта жарыялаган.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 4-октябрда болгон.

"Мен комфорт-класстагы такси чакыргам. Колумда товар салынган пакеттерим бар болчу, аларды арткы отургучка койдум. Айдоочу дароо эле эмне үчүн андай кылганыма нааразы болуп, уруша баштады",- деди кардар.

Андан соң ал буюмдарын машинанын артына (багажникке) салып коюу үчүн аны ачып берүүсүн суранган. Бирок ал жүрүүдөн баш тартып, сөгүнүп, урушуп кирген.

"Мен дагы бир жолу кечирим сурадым, анткени жумушка кечигип жаткам. Бирок айдоочу кыйкырып, мени кемсинтип, орой сүйлөп жатты.

Мындай мамиледен кийин мен видео тартууну чечтим. Ошондо ал менин бардык буюмдарымды тагыраагы, сумкамды, товарларымды, кийимдеримди сыртка ыргытып жиберди да, машинасы менен сүзүп ала жаздады", - деп билдирди кардар.

Кардар мурда да чоң кутуларды таксиде ташыган учурлары болгонун, бирок эч качан маселе чыкпаганын айтты.

"Мен мүмкүн болушунча сабырдуу болууга аракет кылдым, бирок ошол учурда чын эле коркуп кеттим. Ал мага зыян тийгизип коюшу мүмкүн деп ойлодум", - деди кардар.






Ошто такси айдоочу менен кардардын буюмдарын ыргытып жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: