Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парк ачылды (фото)












Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жапаров иш-чаранын башында символикалык түрдө боону чечти. Андан соң ал аймактын көрктөндүрүлүшү жана шаар тургундары менен меймандары үчүн эс алуу жана активдүү убакыт өткөрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 000 чарчы метрди түзөт. Паркты куруу иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, бул аймак жакшыртууга чейин кароосуз калган абалда болгон. Азыр паркта воркаут-зона, балдардын оюн аянтчасы, унаа токтотуучу жай, мини-футбол талаасы жана башка шарттар түзүлгөн.

