"Манас" аэропортунун жаңы аэровокзалы качан бүтөт?
"Манас" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалы 2026-жылдын жайында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 2 күн мурун, тагыраагы, 5-октябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев жана “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аба майдандын аэровокзалдык комплекси боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшеришкен. Анын алкагында курулуштун ылдамдыгы, сапаты жана курулуштун мөөнөт тартиби боюнча маселелер талкууланган.
"Жаңы комплекс эл аралык талаптарга жооп берген, кенен жана технологиялык шарттагы терминал болуп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Учурдагы курулуштун айынан айрым ыңгайсыздыктар жаралып жаткандыгына байланыштуу аэропорттун имаратына жүргүнчүлөр гана кире алат. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдү түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.
"Манас" аэропортунун жаңы аэровокзалы качан бүтөт?

