Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдө заманбап курорттордун курулушу менен таанышты













Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттерин кыдырып, андагы курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Министрликтен билдиргендей, алгач, ал Тамчы айылында “Авангард” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан “Tamchy Resort” эс алуу борборуна барган. Бул ири долбоордо коттедждер жана таунхаустар курулуп, учурда курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн алдыда жүрүп жатканы маалымдалган.
Андан соң министр “Urpaq Invest” компаниясы куруп жаткан “Urpaq Resort” төрт мезгилдүү курорттук резиденциясына барган. Бул долбоор да келечекте аймактагы ири эс алуу борборлорунун бири болот. Учурда курулуш иштери бекитилген планга жана долбоорго ылайык жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев “Елизавета” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан “Elizaveta Resort” комплексинин да курулушу менен таанышкан. Министр өз сөзүндө Ысык-Көл-туризмдин борбору экенин белгилеп, аймакта эл аралык стандарттарга жооп берген эс алуу жайларынын курулушу-өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууда маанилүү кадам экенин белгилеген. Ошондой эле министрлик тарабынан курулуш жана инфратүзүм тармагындагы долбоорлорду колдоо иштери улантыларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:22
2025-10-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.