Ош шаарында 625 орундуу мектеп ачылды













Ош шаарында 625 орундуу жаңы мектеп курулуп бүтүп, шаар күнүнө карата ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, №47 мектептин жамааты жана тургундар катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Айни көчөсүнө курулган жаңы билим берүү мекемесине №47 мектеп көчүрүлүп келет. Аталган мектеп буга чейин бала бакчанын имаратында жайгашып келген.
Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, окуучулардын билим алуусуна даяр. Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, аймагында суу кампасы жана өзүнчө жылуулук берүүчү откана да курулган.
Мектепке президент Садыр Жапаровдун атынан эки интерактивдүү доска берилди.
