super.kg logo

Ош облусунда токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө

 
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында облус башчысы Элчибек Жантаев менен биргеликте Ош адистештирилген токсикологиялык лабораториясында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Бул иштер Ош облусунун аймактык жана экономикалык өнүгүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Лабораториянын имаратын жана ички бөлмөлөрүн капиталдык оңдоого 4 миллион 150 миң сом, лабораториялык жабдууларды сатып алууга 2 миллион 452 миң сом каралган. Жалпы 6 миллион 161 миң сомдук атайын жабдуулар 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин алынып, орнотулары күтүлүүдө.
Жаңыланган лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өсүмдүктөрдү биологиялык коргоодо колдонулуучу энтомофагдарды - златоглазка жана габробраконду өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өз кезегинде аймакта коопсуз жана экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.
Иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү тараптарга лабораторияга керектүү атайын жабдууларды өз убагында орнотууну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: