super.kg logo

Кадамжайдагы айылда 10 жылдан бери чечилбей келген маселеге чекит коюлду 

 

Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз айылынын тургундары электр жарыгы менен камсыз болушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Мекемеге айыл тургундары кайрылып, 10 жылдан бери электр жарыгы жок жашап жатышканын айтышкан.

Арыз ээлеринин билдирүүсүндө, алар жашаган көчөгө электр жарыгы киргизилген эмес. Андыктан айыл тургундары өз алдынча чубалгы тартып, кошуна көчөдөн электр жарыгын убактылуу алып келген. Мындай жол өтө кооптуу болгондуктан алар райондук электр тармактар ишканасына жана айыл өкмөткө электр мамычаларын орнотуп, жарыкка кошуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.

"Айыл тургундарынын кайрылууларына кош көңүл мамиле жасалып, талаптары аткарылган эмес.

Акыйкатчы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына, Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жана райондук электр тармактар ишканасына айыл тургундарынын көйгөйүн кечиктирбестен чечип берүүнү сунуштап, расмий кат жолдогон.

Эки айдан кийин айыл өкмөтү ушул жылдын 18-сентябрына карата Боз айылынын көчөлөрүнө жалпысынан 20 даана электр мамычасы орнотулуп, айылга 2 даана жаңы трансформатор коюлуп, бардык үйлөр электр жарыгы менен камсыз болгонун маалымдаган",- деп жазылат маалыматта.

Маселенин өз убагында чечилбей калышына жооптуу катары айыл башчыга эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: