super.kg logo

Актриса Николь Кидман күйөөсүнө 19 жыл бирге жашаганы үчүн акча төлөшү мүмкүн. Себеби?

 

Жакында Голливуд актрисасы Николь Кидман менен ырчы Кит Урбан ажырашып кетишкени белгилүү болгон. Алар 19 жыл никеде болушту. Сотко ажырашуу арызын тапшырган Кидман болгон.

Эми алардын ортосундагы келишим боюнча Кидман күйөөсүнө акча төлөп берүүгө милдеттүү.

Алар баш кошоордо актриса Урбанга кызыктуу шарт койгон. Келишим боюнча, эгер нике баңгизат колдонуудан улам бузулса, ырчы эч нерсе ала албайт болчу. Ал эми ажырашуунун себеби баңгизат колдонуудан башка болсо, актриса күйөөсүнө ар бир жыл үчүн 600 миң доллар төлөп берүү милдетин алган.

Бул демек, Кит Урбан 10 миллион доллардан ашык ала алат дегенди билдирет. Анткени түгөйлөрдүн ажырашуусуна ырчынын жубайынын көзүнө чөп салуусу себеп болгону айтылууда.

Түгөйлөр 2006-жылы үйлөнүшкөн. Тойдон бир нече ай өткөндөн кийин, алкоголдук ичимдиктер жана баңгичилик менен көптөн бери күрөшүп келген ырчы реабилитацияга түшкөн. Николь Кидман ошол учурда күйөөсүнө зор колдоо көрсөткөн. Кийинчерээк Урбан жубайына көп жолу эл алдында ыраазычылык билдирип, оорусун жеңүүгө актрисанын жардамы бар экенин айткан.

Түгөйлөрдүн ортосунда 2 кыз бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: