Кыргызстандык жаш талант Насыйкат Баймырзаева Малаховдун шоусунда ыр аткарды
Кыргызстандык жаш талант, SUPER.KG порталынын каарманы Насыйкат Баймырзаева орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун "Салам, Андрей" аттуу шоусуна катышып, "Синее море" ырын ырдады.
Насыйкат Бишкек шаарында жашайт. Ал азиз жана начар көргөн балдар үчүн мектеп-интернатында окуйт. Жаш талант музыкага кичинекей кезинен эле кызыга баштаган, андан сырткары, сүрөт тартканды жакшы көрөт. Келечекте музыкалык мектепке барып, фортепианодо ойноону өздөштүрүүнү каалайт.
Фестивалдын катышуучусунун сүйүктүү ырчыларынын арасында Мирбек Атабеков, Роза Рымбаева жана Диана Гурцкая бар. Келечекте Насыйкат бул ырчылар менен бир сахнада дуэт ырдагысы келет.
Жаш курагына карабастан, ал эл аралык сынактарга активдүү катышып, 8 жашында Өзбекстандын Ташкент шаарындагы өткөрүлгөн сынактан биринчи орунду ээлеген. Таенесинин айтымында, ал сынак Насыйкаттын чоң сахнага биринчи чыгуусу болгон. Ал Өзбекстандан тышкары Казакстанда жана Беларустагы сынактарга да катышкан.
Эске салсак, буга чейин биздин медиа портал Насыйкат жөнүндө, анын таланты жана кыялдары тууралуу атайын берүү даярдаганбыз. Анда каарманыбыз белгилүү ырчы, вокал боюнча мугалим болгусу келгенин айтып, чоң кыялдарынын бири үй-бүлөсү менен кемеде концерт берүү экендигин айткан.
Кыргызстандык жаш талант Насыйкат Баймырзаева Малаховдун ток-шоусунда ыр аткарды

