Тышкы инвестициялар Бишкектен кийин эле Жалал-Абадга көп келгени айтылды
Бүгүн, 6-окятбрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда аппараттык жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Касымалиев былтыр дүйнөлүк инвестициялар жөнүндөгү баяндамага ылайык, дүйнөлүк түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 11 пайызга кыскарганын белгилеп, бирок өлкөгө болгон түз чет элдик инвестициялардын агымы, тескерисинче, 22 пайызга көбөйүп, 1 миллиард доллардан ашканын айткан.
Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 562,7 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7 пайызга көп болгон. Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бардык инвестициялардын болжол менен 84 пайызын бөлүштүрүп караганда, Бишкек шаарына, 42,7 пайыз, Жалал-Абад облусуна 14,2 пайыз, Таласка 14 пайыз жана Чүйгө 12,8 пайыз туура келген.

