Бюджетке салыктык кирешелер канча жыйналды?
Экономиканын өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны күчөтүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Маалымдагандай, өкмөт башчысы быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 миллиард 901 миллион сомду түзгөнүн, бул пландаштырылган көрсөткүчтөн 23 миллиард 810,7 миллион сомго көп экенин, андыктан план 103,4 пайызга аткарылганын белгилеген.
Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 211 миллиард 971,9 миллион сомду түзүп, планга салыштырмалуу 9 миллиард 192,2 миллион сомго көп болуп, аткарылышы 104,5 пайызды түзгөн. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 102 миллиард 146,4 миллион сом салыктык кирешелер чогултулуп, план 2 миллиард 417,9 миллион сомго ашык топтолуп, аткарылышы 102,4 пайызга жеткен.

