Франциянын премьер-министри дайындалгандан бир ай өтпөй отставкага кетти
Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню отставкага кетти. Бул тууралуу RFI басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, президент Эммануэль Макрон анын арызын кабыл алды. Лекорню өкмөттү 9-сентябрда жетектеген. Бирок төрт жума өтпөй эле оппозициянын жана оңчул партиялардын кысымына кабылган. Сынга негизги себеп - мурунку өкмөткө салыштырмалуу дээрлик эч кандай өзгөрүүсүз жаңы кабинеттин курамынын жарыяланышы болду.
Саясий окуялардын фонунда "Улуттук биригүү" партиясынын лидери Жордан Барделла президентти парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды. Бул Францияда бир жыл ичинде өкмөттүн үчүнчү жолу алмашуусу, бул өлкөдөгү сакталып турган саясий туруксуздукту баса белгилейт.
Эске салсак, Лекорню дайындалганга чейин Франция парламентинин төмөнкү палатасы премьер-министр Франсуа Байруну тогуз айлык мөөнөтү аяктагандан кийин отставкага кетирген.
