Шайлоо-2025: Маданият министринин орун басары талапкерлерге эскертти
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерге кайрылды. Анда ал интернетте жалаа жабууга, мазактоого айып пул салуу каралганын эскертти.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам ушул жылдын 10-февралында күчүнө кирген.
"Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам ушул жылы 10-февралда күчүнө кирген. Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:03
2025-10-06

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.