Сирияда Башар Асад кеткенден кийин алгачкы ирет парламенттик шайлоо өттү
Сирияда Башар Асаддын бийликтен кулатылганынан кийин биринчи жолу парламенттик шайлоо өттү. Добуш берүү кечээ, 5-октябрда болду, бирок анын жыйынтыктары бир-эки күндөн кийин гана белгилүү боло тургандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Сириянын бир палаталуу Элдик кеңешине жалпысынан 210 депутат шайланат. Алар 30 айлык мөөнөткө тандалат, бул мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгү да бар. Анын үчтөн бир бөлүгүн президент Ахмед Аш-Шараа дайындайт, ал 2025-жылдын январында өлкөнүн өткөөл өкмөтүнүн башчысы катары кызматка келген.
Калган депутаттарды регионалдык комитеттер аныктайт. Бул комитеттерди Аш-Шараа дайындаган шайлоо коллегиясы түзгөн.
Ошол эле учурда 32 депутаттык орун бош бойдон калат. Алар өлкөнүн түштүгүндөгү Эс-Сувайда провинциясынын өкүлдөрү үчүн каралган болчу. Бул аймакта друздар менен бедуиндердин ортосунда июль айында кагылышуулар болгон. Ошондой эле түндүк-чыгыштагы Эль-Хасака жана түндүктөгү Эр-Ракка провинцияларында да шайлоо өткөрүлгөн жок. Бул аймактар Күрддөрдүн “Сирия демократиялык күчтөрү” (SDF) тарабынан жарым-жартылай көзөмөлдөнүп турат.
Өткөөл өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн 14 провинциясынын ичинен үчөөндө шайлоо коопсуздукка байланыштуу кийинкиге жылдырылган.
Жалпысынан шайлоого 1578 талапкер катталган, алардын болгону 14 пайызы аялдар.
