Бишкекте жана Чүйдө майда көмүр колдонууга тыюу салынды
Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды (жылуулук берүүчү ишканаларга жеткирүү учурларын кошпогондо). Тиешелүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.Жаратылыш министрлиги билдиргендей, ал арзан болгону менен көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана атмосфераны кошумча булгантууга алып келет. Мындан улам аны үй шартында колдонуу сунушталбайт.
Токтомду аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары Антимонополияны жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, негизсиз кымбаттоонун алдын алуу тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















