super.kg logo

ДСУ чикунгунья вирусунун жайылышына тынчсыздануу билдирди

 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2025-жылы чикунгунья вирусунун кеңири жайылыш коркунучу жогору экенин билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 1-январдан 30-сентябрга чейин дүйнөнүн 40 өлкөсүндө 445 миңден ашуун учур катталып, 155 адам каза болгон.

ДСУ айрым аймактарда илдеттин күчөп кеткенин, бирок жугуу бирдей эмес жүрүп жатканын белгиледи. Ошол себептен уюм бардык өлкөлөрдү ооруну эрте аныктап, өз убагында чара көрүүгө чакырды.

Маалыматка караганда, вирус жугузуп алган адамдардын башка өлкөлөргө сапарлары жана Aedes түрүндөгү чиркейлердин чагышы аркылуу жаңы аймактарга өтүшү мүмкүн. Иммунитеттин төмөндүгү жана чиркейлердин көбөйүшү оорунун кеңейишине өбөлгө түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: