super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун учагы Габала шаарына конду. Аны ким тосуп алды?

 

Бүгүн, 6-октябрда президент Садыр Жапаров Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азербайжанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, анын учагы Габала шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Садыр Жапаровду Азербайжандын Илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги Саммитине катышат, анын алкагында аймактык жана эл аралык саясаттын маанилүү маселелери талкууланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарат.

Саммиттин жыйынтыгында Уюмга мүчө-мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган Габала декларациясына жана башка чечимдерге кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: