super.kg logo

“Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов дүйнө салды

 

Бүгүн, 6-октябрда “Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди. Ага боор рагынын 4-баскычы деген диагноз коюлуп, ооруканада жаткан.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети быйыл январь айында маркум Жарасул Абдураимовду жана анын орун басарын "коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармаган. Тергөө иштери бүтүп, 3 күн мурун соттук отурумдар баштала тургандыгы айтылган. Бирок мөөнөтү белгиленген эмес эле.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы Алай районунун Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. 65 жаштагы саясий ишмер Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, “Дастан” сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго “Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты саясатчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: