super.kg logo

Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды

 

Стокгольмдо физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды. Мэри Бранков, Фред Рамсделл жана Шимон Сакагучи "перифериялык иммунологиялык толеранттуулукту изилдегени үчүн" Нобель сыйлыгына татыктуу болушту.

"Бул жерде "толеранттуулук" деп иммундук системанын зыянсыз стимулдарга, мисалы, организмдин өзүнүн клеткаларына каршы реакция кылбоо жөндөмдүүлүгү айтылууда. Толеранттуулук негизинен адамдын эрте өнүгүү баскычтарында, Т-клеткалар жетиле турган тимус деген атайын органдa калыптанат. Бирок азыркы лауреаттар иммундук жөнгө салуу муну менен эле чектелбестигин көрсөтүштү. Иммундук толеранттуулукка байланыштуу маанилүү процесстер тимустан тышкары, чоңойгондон кийин да уланат. Бул ачылыш аутоиммундук жана онкологиялык оорулардын келип чыгышын түшүнүүдө чоң мааниге ээ", - деп кошумчаланды маалыматта.

Нобель аптасынын графиги:

  • 7-октябрь — физика боюнча лауреат жарыяланат;
  • 8-октябрь — химия боюнча;
  • 9-октябрь — адабият боюнча;
  • 10-октябрь — тынчтык боюнча лауреат Осло шаарында белгилүү болот;
  • 13-октябрь — экономика жаатындагы лауреат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: