super.kg logo

Зарина Чимырова Токмок шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы болду 

 
Токмок шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Зарина Чимырова дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, ал буга чейин аталган бөлүмдүн башкы адиси болуп эмгектенип келген.
Зарина Чимырова 1980-жылдын 6-мартында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.
Ал 2011–2014-жылдары Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын юриспруденция багыты боюнча аяктап, юрист адистигине ээ болгон. Мындан сырткары, 1997–2003-жылдары Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин менеджмент адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облустук мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык борборунда баштап, кийин иш кагаздарын жүргүзүүчү, жер ресурстары боюнча жетекчи адис болуп иштеген. 2005-жылдан бери Токмок шаарынын маданият бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: