Өлкөдө 2028-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды
Президент Садыр Жапаров “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат өлкө башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.
Документке ылайык, 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.
Ошондой эле залкар жазуучунун 100 жылдыгына карата масштабдуу маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүү каралган.
Министрлер кабинетине Айтматовдун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө жөнүндө маселени демилгелөө, адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү боюнча тапшырмалар коюлду.

