super.kg logo

Иранда хиджаб боюнча жаңы чечимдер кабыл алынды

 

Иранда көп жылдан бери талаш жараткан хиджаб кийүү боюнча мыйзам жумшартылды. Эми аялдар хиджаб кийбегени үчүн айып пул, жаза же юридикалык чектөөгө дуушар болушпайт. Бул тууралуу "Свободный Иран" Telegram каналы жазды.

Маалыматка ылайык, чечим кабыл алынгандан кийин социалдык тармактарда хиджабсыз эркин жүргөн ирандык аялдардын видеолору кеңири тарады. Бул көрүнүш коомдо кызуу талкуу жаратып, өзгөрүү Ирандагы аялдардын эркиндиги үчүн маанилүү кадам катары бааланууда.

Эске салсак, 2022-жылы 22 жаштагы Махса Амининин полиция тарабынан кармалып, каза болушу өлкө боюнча ири нааразылыктарга себеп болгон. Ошол окуядан кийин хиджаб мыйзамы Иранда эң талаштуу темалардын бири бойдон калган.






Иранда хиджаб кийүү милдети жоюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: